Зеленский Орусия-Украина согушунун 1 жылдыгында элге видео кайрылуу жасады

Украин аскер күчтөрүнө ыраазычылык билдирген Владимир Зеленский, алардын негизинде өлкөсүнүн дагы деле ордунда экенин баса белгиледи.

1951065
Зеленский Орусия-Украина согушунун 1 жылдыгында элге видео кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын өлкөсүнө каршы баштаган согушта ак желек көтөрбөгөндөрүн (багынганбагандарын) билдирип: «Биз толук бир жылдан бери согушуп жатабыз жана дагы деле күрөшүшүбүз керек экенин билебиз»,- деди.

Владимир Зеленский Орусия-Украина согушунун 1 жылдыгында элге видео кайрылуу жасады.

Мындан туура бир жыл мурун бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.00 чамасында коомчулукка кайрылуу жасаганын эске салган Зеленский, Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш баштаганын жана Украинанын бардыгына даяр экенин жана Орусияны жеңе турганын эске салды.

Зеленский: «2022-жылдын 24-февралы ушинтип башталды. Жашообуздун эң узун күнү. Тарыхыбыздагы эң оор күн. Эрте ойгондук, ошондон бери уктай элекпиз»,-деп айтты.

Ак желекти көтөрбөгөндөрүнө, Украинанын желегин коргой баштагандарына көңүл бурган Зеленский: «Биз корккон жокпуз, сынган жокпуз, багынган жокпуз. Ишенимибиз жана рухубуз күчтөндү. Чоң масштабдагы согуштун биринчи күнүнөн аман калдык. Эртең эмне болорун билген эмеспиз, бирок күн сайын эртең менен согушуу керектигин билчүбүз»,-деди.

Украин аскер күчтөрүнө ыраазычылык билдирген Владимир Зеленский, алардын негизинде өлкөсүнүн дагы деле ордунда экенин баса белгиледи.

Зеленский Украина менен бир жыл бою жанаша турган өнөктөштөрүнө, союздаштарына жана досторуна ырахмат айтты.

Зеленский Орусия тарабынан убактылуу оккупацияланган аймактардагы украиналыктарга кайрылып, мындай деди:

«Украина сиздерди жалгыз калтырган жок, унуткан жок жана сиздерден баш тарткан жок. Акыры биз бардык жерлерибизди басып алуудан сактап калабыз».

Украинанын лидери, дагы эле чет өлкөдө жашаган жарандарынын Украинага кайтуулары үчүн бардык нерсени жасай тургандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар