Нигерия армиясы 100 террористти жок кылды

Бул тууралуу Нигериянын Коргоо министрлигинин басма сөз иштери боюнча директору Муса Данмадами маалымат берди.

1951260
Нигерия армиясы 100 террористти жок кылды

Нигерияда террордук уюмдарга каршы операцияларда 100гө жакын террорист жок кылынды.

Нигериянын Коргоо министрлигинин басма сөз иштери боюнча директору Муса Данмадами армиянын 9 - 23 - февраль күндөрү Борно штатында террордук уюмдар Боко Харам жана ISWAP мүчөлөрүнө каршы абадан жана кургактыктан операция жүргүзгөнүн билдирди.

Данмадами операцияларда эң аз 100 террористтин жок кылынганын, көп сандаган террористтин жаралуу кутулуп кеткенин белгиледи.

Операцияда террористтердин баш калкалоочу жайларынын бомбаланганын белгилеген Данмадами 38 курал жана маанилүү ок-дарылардын да колго түшүрүлгөндүгүн маалымдады. 



Тектеш кабарлар