Италияда кургакчылык коркунучу

Өлкөнүн маанилүү экологиялык уюму Legambiente 20-февралда кургакчылык көйгөйүнүн коркунучтуу деңгээлге жеткенин билдирди.

1950959
Италияда кургакчылык коркунучу

Италияда кыш айларында жаан-чачындын аз болушунан улам башталган кургакчылыктын айынан миллиондогон адамдардын алдыбыздагы айларда суунун үзгүлтүккө учурашына дуушар болушу мүмкүн экендиги билдирилди.

Өлкөдөгү суу ресурстарынан жооптуу консорциум ANBIдин жетекчиси Франческо Винченци жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, колундагы маалыматтарга караганда келерки айларда кеминде 3,5 миллион италиялыктын кран суусуна жетүүсү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин белгиледи.

Винченци, өлкөдөгү эң чоң агымы жана маанилүү суу булагы болгон По дарыясындагы суунун деңгээли рекорддук деңгээлде төмөн экенин айтты.

Өлкөнүн маанилүү экологиялык уюму Legambiente да 20-февралда кургакчылык көйгөйүнүн коркунучтуу деңгээлге жеткенин билдирди.

Италиянын түндүк жана борбордук бөлүктөрүндөгү көл жана дарыялардагы суунун деңгээли көйгөйлүү абалда экени, Италиянын Альп тоолорундагы кардын көлөмүнүн акыркы 10 жылдын орточо көрсөткүчүнөн 53 пайызга аз болгону белгиленди.

Кургакчылык менен түздөн-түз байланышы болбосо да жаан-чачындын азайышы, деңиздин тартылышы сыяктуу себептерден улам Венеция шаарындагы кээ бир каналдардагы суунун деңгээли 50-60 сантиметрге азайып, гондолалар сүзө албай калганы айтылды.

Өткөн жайда Италия "акыркы 70 жылдагы эң катуу кургакчылыкты" башынан өткөргөн жана айыл чарба тармагы кеминде 6 миллиард евролук чыгымга учураган.



Тектеш кабарлар