Япониядан Түркия менен Сирияга гуманитардык жардам

Түркия жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн аракет кылып жатканда, Япония өкмөтү аймакка жардамдарын улантууда.

1951039
Япониядан Түркия менен Сирияга гуманитардык жардам

Япония катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркия менен Сирияга 27 миллион долларлык чукул гуманитардык жардам берет.

Түркия 6-февралда Кахраманмарашта болгон жана Сирияда да кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн аракет кылып жатканда, Япония өкмөтү аймакка жардамдарын улантууда.

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацуно, Түркия менен Сирияга чукул гуманитардык жардам катары болжол менен 27 миллион долларлык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Мацуно жардамдын 16 миллион доллары эл аралык уюмдар аркылуу бериле турганын, Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга баш калкалоочу жай, тамак-аш жана башка күнүмдүк муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн мобилизациялана турганын белгиледи.

Мацуно Токионун Япониянын бейөкмөт уюму аркылуу эки өлкөгө 4 миллион долларлык колдоо көрсөтө турганын маалымдап, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын калыбына келтирилиши үчүн Түркия жана Сирияга гуманитардык жардамын уланта турганын баса белгиледи.

Япониянын эл аралык жардам фонду аркылуу Сирияга 7 миллион долларлык жардам жөнөтө турганы да белгилүү болду.



Тектеш кабарлар