Жо Байден учакка бара жатып мүдүрүлдү
АКШнын 80 жаштагы президенти учакка чыгып баратып тепкичтерде мүдүрүлдү.
АКШнын президенти Жо Байден Польшага жасаган сапарынан кайтышында учактын тепкичтеринде тең салмактуулугун жоготуп, мүдүрүлдү.
АКШнын 80 жаштагы президенти учакка чыгып баратып тепкичтерде мүдүрүлдү.
Байден учактын каалгасына аз калганда мүдүрүлүп, эки колун тепкичтерге карай узатты. АКШнын президенти мүдүрүлгөндөн кийин эч нерсе болбогондой аэропорттогуларга кол булгалап учакка кирди.
Байдендин эмнеден мүдүрүлгөндүгү азырынча белгисиз жана ден соолугу тууралуу маалымат берилген жок. Соцтармакта президенттин ден соолугу тууралуу айтылган сөздөр кайрадан күн тартибине келди.
Байден мындан мурда да тепкичтерде мүдүрүлгөн.
2021 - жылы Жоржия сапарынан мурда президенттик учагына отуруу үчүн тепкичтерден чыга баштаган АКШнын президенти тбир нече жолу мүдүрүлүп кулаган.
Жо Байдендин кыйын учурлары өлкөнүн басма сөзүндө ден - соолугуна байланыштуу тынчсыздануулардан улам күн тартибинде болгон.
Тектеш кабарлар
Конгодо сел: 10 адам каза болду
Басанкусу кыштагында 2 күндөн бери катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү.