Испаниянын премьер-министри Киевге барды

Испаниянын аба күчтөрүнө таандык учак менен алгач Польшага конгон Санчес Киевге поезд менен өттү.

1950453
Испаниянын премьер-министри Киевге барды

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Орусия-Украина согушунун биринчи жылында Украинанын борбору Киевге барды.

Испаниянын аба күчтөрүнө таандык учак менен алгач Польшага конгон Санчес ал жерден поезд менен Киевге өттү.

21-апрелден кийин экинчи жолу Киевге барган Санчес Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Орусиянын чабуулдарынан жабыркаган айрым шаарларды кыдырат.

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес, «Леопард 2» типтеги 6 даана танктты марттын аягында же апрелдин башында Украинага жөнөтө тургандарын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар