БУУда Украина боюнча чукул сессия өткөрүлдү

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Седат Өнал сессияда сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын лидерлигинде кол коюлган Дан коридору келишиминин маанисине басым жасап, согушту дипломатия менен бүтүрө турган көз караштын зарылдыгын баса белгиледи.

1950413
БУУда Украина боюнча чукул сессия өткөрүлдү

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү элчи Седат Өнал, Орусия-Украина кризисинин тагдырын согуш талаасындагы динамикалардын аныктабай тургандыгын, согушту дипломатиялык жол менен токтотуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк ачык-айкын көз караштардын коюлушу керектигин белгиледи.

Орусия-Украина согушунун биринчи жылы жакындап калганда БУУнун Башкы ассамблеясында "Украина боюнча чукул сессия" өткөрүлдү.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Седат Өнал сессияда сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын лидерлигинде кол коюлган Дан коридору келишиминин маанисине басым жасап, согушту дипломатия менен бүтүрө турган көз караштын зарылдыгын баса белгиледи.

Мисал катары Дан коридору келишимине көңүл бурган Өнал, келишимдин дипломатия аркылуу конкреттүү натыйжаларга жетүүгө болоорун көрсөткөнүн айтты.

Дан коридору келишиминин маанисине басым жасаган дагы бир ысым болсо БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш болду.

Согуштун кыйынчылыктарына карабастан дан жана азык-түлүк ташууларда өзгөрүүлөр болгонун белгилеген Гутерриш: «Дан коридору келишими, Түркия жана БУУнун колдоосу менен Украина жана Орусиянын глобалдык азык-түлүк коопсуздугун алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү»,-деди.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Чаба Кёрёши да дан коридору келишиминин мөөнөтүн узартууну талап кылды.

Кёрёши бардык тараптарды келишимдин март айында жаңыланышын жана текшерүүлөрдүн тездетилишин колдоого чакырды.

22-июлда Түркиянын лидерлигинде кол коюлган Дан коридору келишиминин негизинде бүгүнкү күнгө чейин 690 кеме 19 миллион тоннадан ашык дан жана азык-түлүктү ташыды.



Тектеш кабарлар