Бразилияда болгон сел жана жер көчкү

Бразилиянын Сан-Паулу штатында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 48ге жетти.

1950389
Бразилияда болгон сел жана жер көчкү

Бразилиянын Сан-Паулу штатында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 48ге жетти.

Сан - Паулу штатынын жетекчилери 18 - февралдан бери уланып жаткан суу ташкынында каза болгондордун саны көбөйгөнүн билдиришти. Кырсыктан ушул убакка чейин 48 кишинин каза болгону, 36 кишини издөө иштеринин уланып жатканы билдирилди.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик координатору Хенгеел Рикардо Перейра апаат болгон аймактан болжол менен 3 миң кишинин эвакуациялангандыгын, тынымсыз жааган жамгырдан улам иштин кыйындагандыгын айтты.

Аймакка гуманитардык жардамдын аскердик тик учак менен жеткирилип жаткандыгы маалымдалды.

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва 21-февралда кырсык болгон аймакка барып, тик учак менен абадан изилдөө жүргүзгөн.



Тектеш кабарлар