АКШдан БУУга Түндүк Корея тууралуу чакыруу

АКШнын БУУдагы  элчиси Линда Томас Гринфилд БУУнун Коопсуздук Кеңешин Түндүк Кореянын акыркы ракета сыноолоруна каршы чара көрүүгө чакырды.

1949309
АКШдан БУУга Түндүк Корея тууралуу чакыруу

АКШнын БУУдагы  элчиси Линда Томас Гринфилд БУУнун Коопсуздук Кеңешин Түндүк Кореянын акыркы ракета сыноолоруна каршы чара көрүүгө чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын акыркы ракета сыноолорун талкуулоо үчүн АКШнын Нью - Йорк шаарында чогулду.

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас Гринфилд мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө кайрылып сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Түндүк Кореянын 18 - февраль жана 19 - февралдагы ракета сыноолорун катуу айыптагандыгын айтты.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореянын ракета сыноолорун айыптаган билдирүүсүн жарыялоого да чакырган Гринфилд кеңештин биргелешип жооп бербегени Пхеньянды туруксуздаштыруучу ракета сыноолорун коркпостон улантууга түртө тургандыгын айтты.

Гринфилд : «Түндүк Кореяны ишке ашырган ракеталык сыноолорунун жыйынтыктарынан коргогондор Азия аймагын жана бүткүл дүйнөнү кагылышуу коркунучуна салууда»,- деди.

Кеңештин вето кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ туруктуу мүчөлөрү Кытай менен Россияны белгилеген Гринфилд : «Эгерде эик мүчө мамлекет кеңештин ишин аткаруусуна тоскоолдук кылууну уланта турган болсо,  Түндүк Корея жаңы курал сыноолорун улантат», - деди.



Тектеш кабарлар