АКШ: «Кытай Орусияга Украинадагы согуш үчүн курал бериши мүмкүн»

Блинкен кытай компаниялары Орусияга «өлүмсүз колдоо» көрсөтүп жатканын жана жаңы маалыматтар Пекиндин «өлүмгө алып баруучу колдоону» көрсөтө аларын белгилегенин айтты.

1948340
АКШ: «Кытай Орусияга Украинадагы согуш үчүн курал бериши мүмкүн»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытай Орусияга Украинадагы согуш үчүн курал-жарак жана ок-дарыларды бериши мүмкүн экенин айтты.

CBS News телеканалына маек берген Блинкен кытай компаниялары Орусияга «өлүмсүз колдоо» көрсөтүп жатканын жана жаңы маалыматтар Пекиндин «өлүмгө алып баруучу колдоону» көрсөтө аларын белгилегенин айтты.

Блинкен эгер Кытай Орусияга Украинадагы согуш үчүн курал-жарак жана ок-дарыларды берсе, бул Кытай үчүн «олуттуу кесепеттерге» алып келерин эскертти.

Блинкен Кытайда жеке компаниялар менен мамлекеттик компаниялардын ортосунда чыныгы айырма жок экенин билдирип:«Кытайдын Орусияга курал-жарак жеткириши бизге жана биздин мамилебизге олуттуу көйгөйлөрдү жаратат»,-деди.

Блинкен ошондой эле АКШ Кытай Орусияга Батыштын санкцияларынан кутулууга жардам берип жатканына тынчсызданып жатканын белгиледи.

Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында Блинкен Кытайдын эң жогорку даражалуу дипломаты, Кытайдын Коммунисттик партиясынын (ККП) тышкы байланыштар боюнча Борбордук комитетинин директору Ванг Йи менен жолугушкан.

Жолугушууда Блинкен ошондой эле «Украинага каршы ырайымсыз согушунда Кытайдын Орусияга каржылык колдоо же системалык санкциялардан качуу үчүн жардам көрсөтүүсүнүн кесепеттери» тууралуу да эскерткени айтылган.



Тектеш кабарлар