Орусиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешине Түндүк Агым боюнча кайрылуусу

Думада өткөн сессияда Балтика деңизиндеги Түндүк Агым 1 жана 2 жаратылыш газ түтүкчөлөрүнүн жарылуусу боюнча чечим талкууланды.

1947445
Орусиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешине Түндүк Агым боюнча кайрылуусу

Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Дума Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Түндүк Агым 1 жана 2 жаратылыш газ түтүктөрүндөгү жарылууларды иликтөөгө чакырды.

Думада өткөн сессияда Балтика деңизиндеги Түндүк Агым 1 жана 2 жаратылыш газ түтүкчөлөрүнүн жарылуусу боюнча чечим талкууланды.

Депутаттар бир добуштан кабыл алган чечимде,«Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Евразиянын коопсуздугуна коркунуч келтирген бул жоруктун буюртмачыларын жана күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу сунушу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылууда»,деген билдирүү киргизилген.

Чечимде жардыруулардын артында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) турганы айтылды.

Дания жана Швецияга жакын жерде Орусияга таандык Түндүк Агым 1 жана Түндүк Агым 2 түтүк жолдорунда 4 жерде газ агып жатканы билдирилип, кемелерге «аймакка жакындабоо» эскертилди.

Эки өлкө тең ачыкка чыккан маалыматтар кокустан эмес, атайылап жасалган иш-аракеттердин натыйжасы болгондугунун белгилери бар экенин айтышты. Евробиримдик (ЕБ) да газ түтүктөрүндөгү газдын чыгышы кокусунан эмес, атайын жасалган иш-аракеттердин натыйжасы экенин билдирди.

Швециянын чалгын кызматы (SEPO) окуя боюнча иликтөө баштаган.

Даниянын Энергетика агенттиги Түндүк Агым 1 жана Түндүк Агым 2 куурларында газдын агышы токтогонун жарыялады. Орус энергетикалык компаниясы Газпром да куурлардагы басымдын нормалдашканын жана агып чыгуулар аяктаганын жарыялады.



Тектеш кабарлар