Европа өлкөлөрүнөн Украинага колдоо

Британиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1947036
Европа өлкөлөрүнөн Украинага колдоо

Европа өлкөлөрү, Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн 520 миллион фунт стерлинг (11,7 миллиард лира) өлчөмүндөгү аскердик өнүмдөрдү бере тургандарын билдиришти.

Британия, Нидерландия, Норвегия, Швеция, Дания, Литва жана Исландия Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн биринчи пакети 200 миллион фунт стерлинг (4,5 миллиард түрк лирасы) болгон жалпы 520 миллион фунттук (11,7 миллиард түрк лира) аскердик өнүм жардамын бере тургандарын жарыялашты.

Британиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, аталган өлкөлөрдүн Украина үчүн Эл аралык Фонддун (IFU) алкагында 520 миллион фунт стерлинг өлчөмүндөгү коргонуу жардамын берүүнү чечкени маалымдалды.

Билдирүүдө, бул жардамдын биринчи пакетинин ар түрдүү артиллериялык ок-дарыларды, деңиз чалгындоо, байкоо жана чалгындоо аппараттары менен Украина буга чейин колдонгон танктардын бөлүктөрүнө колдоону камтыганы белгиленди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.



Тектеш кабарлар