Украина дан коридору тууралуу Россияга каршылык көрсөттү
Украинадан дан азыктарын коопсуз ташуу үчүн Стамбулда биргелешкен координациялык борбор түзүлгөн.
![Украина дан коридору тууралуу Россияга каршылык көрсөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1594/597c/fca1/63ecc51c6826c.jpg?time=1718879964)
Украина Россияны дан коридору тууралуу иштеринде жасалма кечеңдетүү менен айыптады.
Украинанын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Россиянын Кара деңиздеги дан коридору тууралуу иштеринде кечеңдөөгө жол ачкан аракеттерди кылгандыгын белгилеп, мындан катуу тынчсыздануунун болгондугу билдирилди.
Орус көзөмөлчүлөрүнүн кемелерди текшерүү мөөнөтүн атайылап узартканы айтылган билдирүүдө : "Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борбордогу көзөмөлдөөчү топторундагы орус өкүлдөрү Стамбул Босфорунан Украина портторуна кирип - чыккан кемелерди көзөмөлдөөнү системалуу түрдө көптөгөн айлардан бери кечеңдетип жатат",- деп айтылды.
Маалыматта дан коридорунун кепилдери БУУ жана Түркия башта болгон эл аралык коомчулукка Россиядан жасалма кечеңдетүүөрдү дароо токтотууга чакыруу салынды.
Глобалдык азык -түлүк кризисин чечүү үчүн Анкаранын координациясында жүргүзүлгөн дан өткөрүү келишими 22 - июлда Стамбулда Украина, Россия, Түркия жана БУУнун арасында кол коюлган.
Украинадан дан азыктарын коопсуз ташуу үчүн Стамбулда биргелешкен координациялык борбор түзүлгөн.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718879965)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.