Россиянын президенти Владимир Путин орус куткаруучу топторуна ыраазычылык билдирди

Кремль Владимир Путиндин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине видео билдирүү аркылуу кайрылуусун жарыялады.

1946834
Россиянын президенти Владимир Путин орус куткаруучу топторуна ыраазычылык билдирди

Россиянын президенти Владимир Путин орус топторунун Түркия жана Сирияда «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн  Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн жабыркагандарга алгач жардам бергендердин арасында экендигин белгилеп, аткарган иштеринен улам Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыраазычылык билдирди.

Кремль Владимир Путиндин Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине видео билдирүү аркылуу кайрылуусун жарыялады.

Россиянын Кахраманмараш жер титирөөлөрүнөн кийин Түркия менен Сирияда да маанилүү иштерди жүргүзгөндүгүн баса белгилеген Путин буларды айтты : «Өткөн жумада Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери биринчилерден болуп келишти. Биздин куткаруучулар, куткаруучу иттерден жооптуу кызматкерлер, дарыгерлерибиз жана психологдорубуз дээрлик 24 саат иштешти. Талаа госпиталдары тез арада жайгаштырылып, издөө - куткаруу иштери уюштурулуп, көптөгөн адамдардын өмүрү сакталды».

Путин Росиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин топторуна аткарган иштеринен улам ыраазычылык билдирди.

6 -  февралда Кахраманмарашта болгон жана 10 облус менен Сирияга да таасирин тийгизген  7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп мүнөздөлүүдө.



Тектеш кабарлар