Перуда митингдер улантылууда

Перуда өкмөткө каршы митингдер 11 -  декабрдан бери улантылып, миңдеген киши  президент Дина Болуартенин кызматтан кетишин талап кылышууда.

1946690
Перуда митингдер улантылууда

Перуда өкмөткө каршы митингдер 11 -  декабрдан бери улантылып, миңдеген киши  президент Дина Болуартенин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Перу басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, борбор шаар Лима баш болгон көптөгөн шаарда митингге чыккандар кээ кээде   коопсуздук күчтөрү менен  кагылышты.

Митингчилердин  таш жана Молотов коктейли менен кол салуусуна полиция көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берип, көп сандаган адамды камакка алды.

Окуяларда 20 кишинин жабыркаганы кабарланды.

Бир тараптан өкмөт Лима жана өлкөнүн түштүгүндөгү айрым шаарларда 15 -  январда жарыялаган өзгөчө кырдаалды 30 күнгө узарткандыгын жарыялады. 

Перу басма сөзүнүн билдиргенине караганда  11 -  декабрдан бери митингдерде 64 киши каза болуп, жаралуулардын саны 1700дөн ашты.

Өлкөдөгү нааразычылык акциялары мурдагы президент Педро Кастильонун 7 -  декабрда Конгресс тарабынан кызматынан алынышы менен башталган. 



Тектеш кабарлар