Бириккен Улуттар Уюмуна «Сирияга кечигип калдыңыз» деген каршы чыгуу...

Сирия Адам укуктары тармагы (SNHR) өз баяндамасында Сириянын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн зыян тарткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү жана кийлигишүүдө БУУнун жана анын мекемелеринин «кечигип калганы» менен айыптады.

1946948
Бириккен Улуттар Уюмуна «Сирияга кечигип калдыңыз» деген каршы чыгуу...

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 6-февралда очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөр таасирин тийгизген Сириянын түндүк-батышындагы аймактарга бериле турган жардамынын кечигишинин каза болгондордун санынын өсүшүнө алып келгени белгиленди.

Сириядагы жарандарга карата укук бузууларды документтештирген Сирия Адам укуктары тармагы (SNHR) өз баяндамасында Сириянын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн зыян тарткан аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү жана кийлигишүүдө БУУнун жана анын мекемелеринин «кечигип калганы» менен айыптады.

Баяндамада, «БУУнун жардамынын Сириянын түндүк-батышына кечигип келиши жана жер титирөө менен күрөшүүдө жергиликтүү жардам агенттиктеринин жалгыз калтырылышы урандылардын астында каза болгондордун санынын көбөйүшүнө алып келди»,деген сөздөр камтылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрүнүн Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга эл аралык жардамдын кечиктирилиши боюнча жүйөсү «негизсиз» деп бааланган баяндамада БУУдан, Сириянын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга эл аралык жардамдын кечиктирилишинин себебин түшүндүргөн ички иликтөөнү ачуу сунушталды.

Кахраманмараштагы жер титирөөдө эң аз 3 миң 688 киши каза болуп, 14 миң 749 киши жараланды, алардын жарымынан көбү оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мурунку күнү каза болгондордун саны 8500 деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар