Франция Беларустагы жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

Франциянын Тышкы иштер министрлиги Беларустагы жарандарын мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

1946298
Франция Беларустагы жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

Франциянын Тышкы иштер министрлиги Беларустагы жарандарын мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Министрликтин билдирүүсүндө Россия менен Украинанын ортосундагы согуш жана Европа Биримдиги өлкөлөрү менен Беларустун ортосундагы аба мейкиндигинин жабылышынан улам жарандардын саякатка чыкпашы керектиги сунушталды.

Билдирүүдө Латвия жана Литванын ортосундагы чек аралардын ачык болору билдирилди.

Саякатчылар үчүн Польшага өтүүдө Тересполь багытынын гана ачык экендиги белгиленген билдирүүдө Беларустагы француз жарандарына Литва, Польша же Латвия чек ара бекеттери аркылуу кургактыктан «өлкөдөн дароо чыгууга» чакыруу салынды.

 



Тектеш кабарлар