Израилдин согуштук учактары Газага абадан сокку урду

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае, Твиттер эсебинен билдирүү жасады.

1945647
Израилдин согуштук учактары Газага абадан сокку урду

Израилдин согуштук учактары блокададагы Газа тилкесине абадан сокку урду.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае, Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө, согуштук учактардын бүгүн түнү Газанын ортосундагы Хамастын ракета өндүрүү чийки заты жайгашкан бир жер астындагы обьектти бутага алганын айтты.

Адрае кол салуу ишемби күнү Газадан Израилге атылган ракета үчүн өч алуу үчүн жасалганын белгиледи.

Аба чабуулунун Хамастын күчү жана куралдануу аракетине тоскоол болуу максатын көздөгөнүн белгилеген Адрае, Хамастын Израилди бутага алган коопсуздукту тешүү операцияларынын чыгымын төлөй турганы менен коркутту.

Газадагы окуяга күбө болгондор Израилдин аба соккуларын ырастап, бомбаланган аймактарда жана алардын айланасында материалдык зыян болгонун айтышты.



Тектеш кабарлар