ДССУ: «Сирияда каза болгондордун саны 8 миң 500гө жетти»

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Ричард Бреннан Сирияда жер титирөөдөн 8500гө жакын кишинин каза болгонун билдирди.

1945500
ДССУ: «Сирияда каза болгондордун саны 8 миң 500гө жетти»

 

Кахраманмараштагы 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн улам Сирияда 8 миң 500 кишинин каза болгону жана бул сан дагы өсүшү мүмкүн экендиги билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Ричард Бреннан Сирияда жер титирөөдөн 8500гө жакын кишинин каза болгонун билдирди.

«Так санын айтуу кыйын, саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Бирок, бүгүнкү күнгө карата, биз билген маалыматтарга караганда, Сирия өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда 4 миңге жакын адам каза болуп, 2 миң 500 киши жараат алса, Сириянын түндүк-батышында болжол менен 4 миң 500 киши каза болду, 7 миң 500 киши жаракат алды»,-деп айткан Бреннан бул сандардын улам өсүп жатканын айтты.

Өткөн жумада Кахраманмарашта болгон жана 10 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр Түркияда да миңдеген адамдын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп аталууда.



Тектеш кабарлар