БУУ Идлибге 6 фура гуманитардык жардам жөнөттү

БУУнун жардамдарын ташыган 6 жүк ташуучу унаа, Хатайдын Рейханлы районундагы «Жилвегөзү» чек ара капкасынан өтүп, Идлибдеги Бабулхава чек ара капкасынан кирди.

1944530
БУУ Идлибге 6 фура гуманитардык жардам жөнөттү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн жабыркаган Сириянын түндүк-батышындагы Идлибге 6 фура гуманитардык жардам жөнөттү.

БУУнун жардамдарын ташыган 6 фура, Хатайдын Рейханлы районундагы «Жилвегөзү» чек ара капкасынан өтүп, Идлибдеги Бабулхава чек ара капкасынан кирди.

БУУнун жардамдарынын алкагында Идлибге кирген жүк ташуучу унаалардагы гуманитардык жардам материалдары өлкөнүн түндүгүндөгү жер титирөөлөрдөн жабыркаган сириялыктарга жеткирилет.

Эпицентри Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө Сириянын ар кайсы аймактарында кеминде 3 миң 162 киши каза болуп, 5 миң 235 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар