Боррель түрк журналисттери менен маектешти

Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде түрк журналисттерине билдирүү жасады.

1943763
Боррель түрк журналисттери менен маектешти

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Түркиядагы жер титирөөлөрдөн улам терең кайгырганын билдирип, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен байланышта экендиктерин, ЕБ өлкөлөрү катары колдоо көрсөтүү үчүн колдон келген аракетти жасап жаткандарын айтты.

Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде түрк журналисттерине билдирүү жасады.

6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө каза болгондорго байланыштуу көңүл айткан Боррель: «Жер титирөөгө терең кайгырдым. Бул чоң трагедия. Досум (тышкы иштер министри) Мевлүт Чавушоглу менен байланыштамын. Колубуздан келишинче куткаруу топторун, медициналык буюмдарды жөнөтүп жатабыз. Евробиримдикке мүчө бардык мамлекеттер жардам көрсөтүп жатышат»,- деди.

Эки тараптуу карым-катнаштарга баа берип Түркияны «Европа Биримдиги үчүн негизги өнөктөш» деп сыпаттаган Боррель: «Түркия менен карым-катнаштарыбыз мурдагыдан да маанилүү болуп баратат»,-деди.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Ливия, Кавказ жана Украина сыяктуу орчундуу аймактын борборунда жайгашканын эске салган Боррель, Түркиянын маанилүү актер экенин жана Кара деңиз дан келишиминде маанилүү роль ойногонун белгиледи.



Тектеш кабарлар