Bild: "Мындай күчтөгү жер титирөө бүтүндөй Германияны термелтмек"
«Bild» гезити Түркиядагы жер титирөөлөргө сереп салды.
Германиядагы «Bild» гезити, Кахраманмараштын Пазаржык районунда болгон катуу жер титирөөнүн күчүн Германиянын картасына ылайыкташтырып окурмандарына жеткирди.
Комментарийде «Түркия менен Сириядагы жер титирөөнүн аянты ушунчалык чоң болгондуктан Германиянын дээрлик бардык аймагы титиреп кетмек. Эгерде жер титирөөнүн очогу биздин өлкөнүн ортосунда болгондо, эң түштүк жана түндүк тарабы гана титиремек эмес»,-деп айтылды.
Германиянын көптөгөн аймактарынын жер титирөөдөн катуу жабыркай турганын белгилеген «Bild» гезити: «Франкфурт, Штутгарт, Висбаден, Дортмунд, Вюрцбург, Мангейм жана Ганновер сыяктуу шаарлар бул апааттан эң оор жапа чегип, катуу талкаланмак. Ушул шаарлардын борборлорунда эле миллиондогон адамдар жабыркамак»,- деди.
Тектеш кабарлар
Беларусь Европада Конвенциялык куралдуу күчтөр келишими ЕКККны токтотту
Беларустун президенти Александр Лукашенко ЕКККны токтоткон мыйзамды бекитти.