Сирияда жер титирөөдөн улам 1356 адам каза болду

Эпицентри Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн улам Сириянын ар кайсы аймактарында эң аз 1356 адам каза болуп, 3 миң 419дан ашуун киши жараланды.

1942929
Сирияда жер титирөөдөн улам 1356 адам каза болду

Эпицентри Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөдөн улам Сириянын ар кайсы аймактарында кеминде 1356 адам каза болуп, 3 миң 419дан ашуун адам жараланды.

Жер титирөө Сириянын Идлиб, Халеп, Хама, Латакия, Тартус жана Ракка провинцияларында да катуу сезилди.

Жер титирөөдөн улам бул провинцияларда чоң кыйроолор болду.

Асад режиминин маалымат агенттиги САНАнын кабарына караганда, Халеп, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында режимдин көзөмөлүндөгү аймактарда 656 киши каза болуп, 1419 киши жараланды.

Сириянын түндүгүндө оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда көптөгөн имараттар кыйрап же зыян тартты.

Сириянын Адам укуктары желеси SNHR, Жарандык коргонуу (Ак каскалылар), жергиликтүү бийликтер, саламаттыкты сактоо уюмдары жана жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Сириянын Идлиб жана «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлгөн аймактарында кеминде 700 киши каза болду.

Издөө - куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар