Сирияда 1602 адам каза болду

Сирияда жер титирөөдөн жабыркаган Идлиб, Халеп, Хама, Латакия жана Тартус облустарында издөө-куткаруу иштери уланууда.

1942996
Сирияда 1602 адам каза болду

Эпицентри Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдө, Сириянын ар кайсы аймактарында каза тапкандардын саны 1602ге, жаракат алгандардын саны 3 миң 649га жетти.

Сирияда жер титирөөдөн жабыркаган Идлиб, Халеп, Хама, Латакия жана Тартус облустарында издөө-куткаруу иштери уланууда.

Асад режиминин маалымат агенттиги САНАнын кабарына караганда, Халеп, Латакия, Хама жана Тартус облустарында режимдин көзөмөлүндөгү аймактарда 812 киши каза болуп, 1449 киши жаракат алды.

Сириянын түндүгүндө оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда да көптөгөн имараттар кыйрап же зыянга учурады.

Идлиб менен «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциясы аймактарында кеминде 790 киши каза болуп, 2200дөн ашуун киши жаракат алды.

Эпицентри Кахраманмараш болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр, аталган облустарда чоң кыйроолорго алып келди.



Тектеш кабарлар