Францияда массалык иш таштоолор

Францияда талаштуу пенсия реформасына каршы массалык иш таштоолордун үчүнчүсүнүн башталышы менен өлкөнүн көптөгөн тармактарында тейлөө тармагы үзгүлтүккө учурады.

1943068
Францияда массалык иш таштоолор

Францияда талаштуу пенсия реформасына каршы массалык иш таштоолордун үчүнчүсүнүн башталышы менен өлкөнүн көптөгөн тармактарында тейлөө тармагы үзгүлтүккө учурады.

Өкмөт пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү караган реформа боюнча мыйзам долбоорун Улуттук парламентте талкуулоону улантып, бул реформага каршы үчүнчү ири иш таштоо көптөгөн профсоюздардын, өзгөчө жалпы жумушчулардын профсоюзунун катышуусу менен башталды.

Энергетика, транспорт, нефтини кайра иштетүүчү завод жана кеме куруучу ишканаларды камтыган негизги тейлөө секторлорунун кызматкерлери, өзгөчө борбор шаар Парижде иш таштоо акциясына кошулду.

Өлкө боюнча нааразылык акциялары күтүлүп жаткан иш таштоонун алкагында Франциянын негизги энергия камсыздоочусу болгон EDFтин электр энергиясын өндүрүүсү 2500 мегаваттка кыскартылды.

Поезд, метро жана автобус каттамдарынын көбүнүн токтотулушу менен дагы көп унаа жолго чыгып жолдордо күтүүлөр көпкө созулууда.

Франциянын жарандык авиация башкы директорлугу (DGAC) авиакомпанияларды контролерлордун иш таштоосунан улам Париж аэропортундагы 5 каттамдын бирин токтотууга чакырды.

Бир тараптан алганда, өлкө боюнча мугалимдер менен студенттер иш таштоого кошулуп, колдоо көрсөтүштү.

 



Тектеш кабарлар