Жер титирөө Сирияны да силкип өттү
Жер титирөө Сириянын Идлиб, Халеп, Хама, Латакия, Тартус жана Ракка провинцияларында катуу сезилип, чоң кыйроолорго алып келди.
Эпицентри Кахраманмараштын Пазаржык районунда болгон 7,7 баллдык жер титирөөдө Сириянын ар кайсы аймактарында 810 адам каза болуп, 2 миң 315тен ашуун адам жаракат алды.
Жер титирөө Сириянын Идлиб, Халеп, Хама, Латакия, Тартус жана Ракка провинцияларында катуу сезилип, чоң кыйроолорго алып келди.
Сириянын САНА агенттигинин кабарына караганда Халеп, Хама жана Латакия провинцияларында режимдин көзөмөлүндөгү аймактарда 430 адам каза болуп, 1315 адам жаракат алды.
Сириянын түндүгүндө оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда ондогон имараттар талкаланды же бузулду.
Сириянын Адам укуктары тармагы (SNHR), Жарандык коргонуу (Ак каскачандар), жергиликтүү саламаттыкты сактоо мекемелери жана жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Сириянын түндүгүндөгү ар башка отурукташуу жерлеринде эң аз 308 адам каза болуп, 1000 адам жаракат алды.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.