Нетаньяху «Темир купол» абадан коргонуу системасын Украинага жөнөтөбү?

Биньямин Нетаньяху Франция сапарынын алкагында француз LCI каналына берген маегинде 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушу жана Иран тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1942170
Нетаньяху «Темир купол» абадан коргонуу системасын Украинага жөнөтөбү?

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху «Темир купол» абадан коргонуу системасын Украинага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыга турганын билдирди.

Биньямин Нетаньяху Франция сапарынын алкагында француз LCI каналына берген маегинде 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушу жана Иран тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Нетаньяху Украина-Орусия согушу тууралуу: «Мунун аягына чыгышы үчүн баарыбыз бир роль ойношубуз керек»,-деди.

Украинанын жанында экендиктерин баса белгилеген Нетаньяху бир журналисттин «Темир купол абадан коргонуу системасын Украинага жөнөтүүнү караштырып жатабызбы?» деген суроосуна, «Ооба мен ойлонуп жатам»,-деп жооп берди.

Нетаньяху өлкөсүндө жаңы өкмөт дээрлик түзүлүп бүтүп калганын, андан соң жалпы саясий багытын аныктап, бул маселени иликтей турганын билдирди.

«Темир купол» абадан коргонуу системасын Украинага жөнөтүү боюнча бекем убада бере албасын баса белгилеген Нетаньяху, Украина менен Орусиянын талабы жана АКШнын (АКШ) позитивдүү көз карашы сыяктуу ар кандай шарттар чогулуп калса, Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчу болуу мүмкүнчүлүгүн караштыраарын белгиледи.



Тектеш кабарлар