Шольц: «Путин мени да, Германияны да коркуткан жок»

Олаф Шольц  Bild am Sonntag гезитине берген маегинде  Украина өзүн коргой алышы үчүн союздаштар менен бирге негизги согуштук танктарды бергенин айтты.

1942104
Шольц: «Путин мени да, Германияны да коркуткан жок»

Германиянын канцлери Олаф Шольц сүйлөшүүдө орус президенти Владимир Путин аны жана Германияны коркутпагандыгын билдирди.

Олаф Шольц  Bild am Sonntag гезитине берген маегинде  Украина өзүн коргой алышы үчүн союздаштар менен бирге негизги согуштук танктарды бергенин айтты.

Премьер-министр Шольц: «Путин немис танктары Орусияны кайрадан коркутуп жатканын айтты. Леопард 2 танкын (Украинага) берсе, Германия үчүн коркунуч күчөйбү?» түрүндөгү суроого «Анын (Путиндин) бул сөздөрү Украинага кол салганын актоо үчүн колдонгон түшүнүксүз тарыхый салыштыруулардын бири болуп саналат»,-деп жооп берди.

Бул согуштун эч кандай түрдө акталбасын баса белгилеген Шольц : «Орусия Украинага каршы аёосуз согуш жүргүзүүдө»,-деп айтты.

Британ премьер-министрлеринин бири Борис Жонсондун Путиндин телефон аркылуу аны коркутканын айтканы эске салынган Шольц «Путин сизге да ушундай сөз айтты беле?» деген суроого: «Жок, Путин мени да, Германияны да коркуткан жок. Телефондук сүйлөшүүлөрүбүздө Украинадагы согушка карата биздин такыр башка көз караштарыбыз абдан ачык көрүнүп турат. Мен Путинге согуш үчүн жалгыз Орусия жооптуу экенин ачык айтам»,-түрүндө жооп берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Батыш тарабынан берилген куралдардын Украина жеринде гана колдонулушу жана Орусияга өз аймагында кол салынбай турганы боюнча келишим барбы деген суроого: «Бул маселеде орток пикир бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар