Швецияда ПКК/ЙПГ үчүн салык чогуткан киши кармалды

Стокгольм райондук соту шектүүнү террордук уюм ПКК/ЙПГге акча чогулткан жана курал менен коркуткан деген айып менен камакка алды.

1941844
Швецияда ПКК/ЙПГ үчүн салык чогуткан киши кармалды

Швецияда жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга салык чогулткан киши кармалды.

Швециянын SR радиосунун кабарына караганда, терроризмди каржылоо, опузалап акча талап кылуу жана куралдуу кол салуу кылмыштарын жасаган деген шек менен 40 жаштарындагы адам кармалды.

Стокгольм райондук соту шектүүнү террордук уюм ПКК/ЙПГге акча чогулткан жана курал менен коркуткан деген айып менен камакка алды.

Прокурор Ханс Ирман шектүүнүн террордук уюм ПКК/ЙПГга акча чогултуу үчүн шантаж кылуу менен бирге террорду каржылоо менен катыштыгы бар экендигин айтты.



Тектеш кабарлар