Швецияда провокациялар уланып жатат

Швециянын мамлекеттик телеканалы SVT телеканалынын кабарында өлүм коркунучу жазылган Курандын бирөө аялдамадан, калгандарынын коомдук жайлардан табылганы  белгиленди.

1940888
Швецияда провокациялар уланып жатат

Швециянын Карлскрона аймагындагы Роннеби районунун ар кайсы жеринен тышкы бетине жана ичине акаарат сөздөр жазылган үч Куран табылды.

Швециянын мамлекеттик телеканалы SVT телеканалынын кабарында өлүм коркунучу жазылган Курандын бирөө аялдамадан, калгандарынын коомдук жайлардан табылганы  белгиленди.

SVTге билдирүү жасаган Роннеби Ислам коомунун мүчөсү Гудлауг Хилмарсдоттир окуяга абдан кайгыргандарын жана Куран алардын жашоодогу жол көрсөтүүчүсү экенин айтты.

Роннебиде 2020-жылы мусулмандар мечит катары колдонгон имараттын алдында өрттөлгөн Куран барактары жана бекон калтырылган.

Полиция окуя боюнча «жек көрүүчүлүк кылмышы» боюнча иликтөө башталганын жарыялаганына карабай, кылмышкерлерди кармоого мүмкүн болгон жок.

Даниянын ашынган улутчул Катуу багыт партиясынын лидери Расмус Палудан 21-январда Швециянын борбору Стокгольмдо Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөп, толуп жаткан полициянын коргоосунда Палуданга эч кимдин жакындашына уруксат берилген эмес.

Швеция өкмөтүнүн Палуданга Курандын өрттөлүшүнө уруксат берүүсү Түркия баш болгон көптөгөн ислам өлкөлөрүнүн каршы чыгуусуна алып келди.

Палудан 27-январда Данияда мечиттин алдында жана Түркиянын Копенгагендеги элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн.

Нидерландиядагы Батыштын исламдашуусуна каршы патриоттук европалыктар кыймылынын лидери Эдвин Вагенсвелд Гаагада жалгыз жасаган акциясында Куранды айрып салды.

Түркияда жана көптөгөн өлкөлөрдө Швеция, Нидерландия жана Данияда Курани Каримге кол салууларга каршы нааразылыктар билдирилүүдө.



Тектеш кабарлар