Кээ бир араб өлкөлөрүндө жаман аба ырайы

Катуу жамгыр, шамал жана кум бороону транспорт, саламаттыкты сактоо жана энергетика көйгөйлөрүн жаратууда.

1940913
Кээ бир араб өлкөлөрүндө жаман аба ырайы

Египет, Иордания, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Катар, Кувейт жана Ливанда катуу жамгыр, шамал, кум бороону транспорт, саламаттыкты сактоо жана энергетика көйгөйлөрүн жаратууда.

Египеттин Жергиликтүү өнүгүү министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөнүн түндүгүндөгү Эль-Буруллус, чыгышындагы Эль-Ариш жана Ас-Сухне портторунун «шамалдын ылдамдыгынын жогорулашынан жана толкундардын көтөрүлүшүнөн улам жабылганы" кабарланды.  

Өлкөнүн жээк бөлүгүндө ашыкча жаан-чачындын жана шамалдын себебинен аба ырайынын ыңгайсыз шарттарынын таасирдүү болгону белгиленген билдирүүдө, электр чубалгылары бузулуп электр тогуна урунган көптөгөн малдын кырылып калганы айтылды.

Иордания, БАЭ, Катар жана Кувейтте болсо катуу шамалдан улам кум бороону коркунучу боюнча эскертилди. Билдирүүлөрдө кум бороонунун көрүү аралыгынын жабылышына жана дем алуу жолдорунун ооруларына алып келиши мүмкүн экени маалымдалды. 

Ливандын метеорология мекемесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө да «Фарах» деп аталган бороондун аптанын аягына чейин таасирдүү болушу күтүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар