Иран Азербайжандын жардамын кабыл алган жок

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам бербеген Иран өкмөтү башкаларга да жардам көрсөтүшүнө уруксат бербей жатат.

1941294
Иран Азербайжандын жардамын кабыл алган жок

Тегеран бийлиги, Азербайжандын Ирандын Хой шаарындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү сунушун четке какты.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Азербайжан өкмөтү Тегеран элчилигине жасалган кол салуудан улам эки өлкөнүн ортосундагы акыркы кризиске карабастан Хойдогу жер титирөөдөн кийин Иранга жардам сунуштады.

Тегеран администрациясы Азербайжандын жардам сунушун кабыл алган жок.

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам бербеген Иран өкмөтү башкаларга да жардам көрсөтүшүнө уруксат бербей жатат.

28-январда Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Расмий маалыматтарга караганда, азербайжан түрктөрү жыш жашаган аймакта жер титирөөдөн 1500 үй жабыркаган.



Тектеш кабарлар