Сириянын Жер Ортолук деңиз жээгине мунай төгүлдү
Шам FMге маалымат берген режимдин Латакиядагы экология боюнча директору Теммем Жабир мунайдын төгүлүү булагын аныктай албагандыктан азырынча эч кандай чара көрбөгөндөрүн айтты.
Сириянын батышында Башар Асад режими күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Жер Ортолук деңизине мунай төгүлдү.
Асад режимине жакындыгы менен белгилүү Шам FM телеканалынын кабарына караганда, мунай төгүлгөн жер Латакия облусунун чыгышындагы Жабле району менен Тартуста облусуна караштуу Баньяс районунун ортосундагы узундугу 1 километр жана туурасы 70 метр болгон пляжда көрүлгөн.
Шам FMге маалымат берген режимдин Латакиядагы экология боюнча директору Теммем Жабир мунайдын төгүлүү булагын аныктай албагандыктан азырынча эч кандай чара көрбөгөндөрүн айтты.
Жабир мунайдын төгүлүшү Баньяс жылуулук электр борборунан же жээктеги танкерден болушу мүмкүн экендиигне токтолушкандарын айтты.
2021 - жылдын август айында Баньяс Жылуулук электр борборунан мунай төгүлүп, Европа Биримдиги жана Чыгыш Жер Ортолук деңизине чектеш өлкөлөрдө кооптонуу жараткан.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.