Иранда мектептерде массалык уулануу болду

Ирандын Кум шаарындагы мектептерде 2 айга жакын убакыттын ичинде бешинчи жолу массалык уулануу болду.

1940820
Иранда мектептерде массалык уулануу болду

Ирандын Кум шаарындагы мектептерде 2 айга жакын убакыттын ичинде бешинчи жолу массалык уулануу болду.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, Кум шаарындагы Белкыс Буркай кыздар лицейинде белгисиз бир себеп менен көптөгөн окуучу ууланды.

Окуучуларда жүрөк айлануу, башы оору, буту - колунун чымырашы сыяктуу белгилер байкалган.

Ууланган 7 окуучу жана 1 мугалим ооруканага жаткырылып, дарыланды.

Кумда буга чейин массалык уулануу фактылары  Нур искусство мектебинде 30-ноябрда жана 13-декабрда, Фатимие орто мектебинде 28 жана 30-январда катталган.

Жарым расмий Ирандык студенттер маалымат агенттиги (ISNA) бул тууралуу кабарында : "Прокуратура жана Кум депутаттарынын бул маселе боюнча иликтөөсүнө карабастан же бийликтегилер эч нерсе билишпейт же маселенин себеби тууралуу билдирүүнү каалабай жатышат",- деп айтылды.



Тектеш кабарлар