Бельгия бир атомдук реакторун жабууда

Бельгияда 40 жылдан бери иштеп жаткан Тиханге  2 өзөктүк реактору бүгүн туруктуу  жабылат.

1940289
Бельгия бир атомдук реакторун жабууда

Бельгияда 40 жылдан бери иштеп жаткан Тиханге  2 атомдук реактору бүгүн туруктуу  жабылат.

Европада болгон энергетикалык кризиске карабастан Бельгиянын Хуй шаарындагы Тиханге 2 өзөктүк реакторунун иши бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:59да токтотулат.

Ушундайча  1983 - жылы ишке кирген атомдук реактордун электр тармагына кошулуусу 40 жыл иштегенден кийин токтойт.

Бельгияда мурунку өкмөттөрдүн чыгарган чечимдеринин негизинде даярдалган атомдон чыгуу мыйзамынан улам  жабыла турган Тиханге атомдук станциясынын 3 реакторунун бири болгон Тиханге 2 реакторунун жылдык 1055 мегаватт сааттык электр энергиясын өндүрүү кубаттуулугу болгон..

Бельгияда Нидерландия чек арасына жакын Доел атомдук станциясында 4 даана, Германия жана Люксембург чек арасына жакын Тиханге атомдук станциясында да 3сү болуп жалпы 7 реактор иштеп жаткан.

Бул реакторлор тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясы  өлкөнүн керектөөлөрүнүн жарымына жакынын камсыз кылып жаткан.

24 - февралда башталган Россия  - Украина согушуна чейин Бельгия өкмөтү атомдук станцияларды 2025 - жылга чейин иштен чыгаруу планын даярдаган.

Буга чейинки өкмөттөрдүн чечимдери боюнча Доел 3 реактору өткөн жылы сентябрь айында жабылып, Тиханге 2 реаторунун 2023 -  жылдын февраль айында жабылышына чечим чыгарылган.

Энергетикалык кризиске байланыштуу азыркы өкмөт бул реакторлордун иштөө мөөнөтүнүн узартылышы боюнча иштерди баштаган, бирок реакторлордун операторлору менен өкмөттүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдө бул этапта жабылуу процессинин кийинкиге калтырылышынын техникалык жана юридикалык жактан мүмкүн эмес экендиги, мунун коопсуздукка коркунуч туудурары аныкталды.

Бир тараптан Бельгия согуштун башталышынан кийин энергия менен камсыз кылуу кыйынчылыгынын болбошу үчүн мындан мурда 2025 - жылы жабылышын пландаган Доел 4 жана Тиханге 3 реакторлорунун иштөө мөөнөтүн 10 жылга узартуу чечимин чыгарган.

Иштөө мөөнөтү узартылган 2 реактор өлкөнүн акыркы жолу 1985 -  жылы курган атомдук объектилер катары белгилүү.

 

 



Тектеш кабарлар