Оскар Стенстрем:«Швециядагы уюшкан кылмыштуу топтор ПККны каржылайт»

Швециянын НАТО мүчөлүгү боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Оскар Стенстрем, Швециянын SR мамлекеттик радиосуна билдирүү жасады.

1939330
Оскар Стенстрем:«Швециядагы уюшкан кылмыштуу топтор ПККны каржылайт»

 

Швециянын НАТО мүчөлүгү боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Оскар Стенстрем, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын өлкөсүндөгү абалы тууралуу:«Швециядагы уюшкан кылмыштуу топтор ПККны каржылайт»,-деди.

Швециянын SR мамлекеттик радиосуна билдирүү жасаган Оскар Стенстрем, Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда НАТО мүчөлүгүнө байланыштуу үч тараптуу механизм жыйынынын кайра башталышы үчүн келерки аптада Түркия менен байланышууну караштырып жатканын айтты.

Стенстрем: «Учурда пайдалуу жана ишенимдүү жолугушуу болбой тургандыктан, чогулуп сүйлөшүүнүн мааниси жок болот, балким процессти дагы да кыйындатат. Бирок бетме-бет жолугушууларды улантуу үчүн кийинки жуманын башында түрк тарап менен байланышам деп ойлойм»,-деп айтты.

Швеция жана Финляндия менен Туруктуу биргелешкен механизмдин жолугушууларын кийинкиге калтыруу жөнүндө Стенстрем: «Аталган иш мыйзамдуу болгону менен, Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Курани Каримдин өрттөлүшү бүткүл динди капа кылды. Бул НАТО сүйлөшүүлөрү үчүн эч кандай оң эмес, бул кайгылуу жагдай жана бул боюнча өз көз карашыбызды билдирдик»,-деп айтты.

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ тууралуу да билдирүүлөрдү жасаган Стенстрем Түркиянын Швецияга Финляндияга караганда көбүрөөк көңүл бурушунун себеби катары бул уюмдун Швецияда көбүрөөк акчасы бар экенине көңүлдөрдү бурду.

Стенстрем: «Швецияда уюшкан кылмыштуу топтор ПККны каржылайт. Финландиядан айырмаланып ПККнын Швецияда каржы булактары көбүрөөк»,-деди.



Тектеш кабарлар