Лавров-Зардари жолугушуусу

Лавров менен Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

1939773
Лавров-Зардари жолугушуусу

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, кош стандарттарды колдонбостон терроризмге каршы күрөшүү керектигин айтты.

Лавров менен Пакистандын тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари борбор шаар Москвадагы жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында мечитке жасалган жанкечтилик кол салууга токтолгон Ларвров кол салууда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Дүйнөнүн бардык жеринде террор менен күрөшүлүшү керектигин баса белгилеген Лавров: «Бирок терроризмге каршы кош стандарттарды колдонбостон жана саясий максаттарга жетүү үчүн террордук топтор менен өнөктөшпөстөн күрөшүү керек. Кээ бир батыштык кесиптештерибиз бул катаны тез-тез кайталап жатышат»,- деди.

Зардари менен жолугушууда Ооганстандагы абалды талкуулагандарын билдирген Лавров: «Бул жерде биздин аймактагы террордук коркунучту жоюу максаты кеп болуп жатат. Тилекке каршы, азырынча Ооганстандын аймагында ишке аша элек, бирок бул багытта аракеттер көрүлүүдө. Биз Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүмкүнчүлүктөрүнүн да пайдаланылышы темасында макулдаштык»,-деп айтты.

Лавров, пакистандык аскерлерди Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу жайларда окутууну уланткандарын белгиледи.

Пакистандын тышкы иштер министри Зардари болсо Орусия менен ар түрдүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Зардари эл аралык маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнү жактай тургандыктарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар