Изаилдеги нааразылык акциялары
Израилде бейөкмөт уюмдар, юристтер жана жогорку технология секторлору сыяктуу кесипкөй топтордун чакыруусу менен миңдеген киши аянттарга чыкты.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун мыйзам долбооруна жана сот бийлигинин ыйгарым укуктарын чектеген улутчул саясаттарына каршы миңдеген киши борбор шаар Тель-Авивде чогулду.
Израилде бейөкмөт уюмдар, юристтер жана жогорку технология секторлору сыяктуу кесипкөй топтордун чакыруусу менен миңдеген киши аянттарга чыкты.
Полиция Тель-Авивдеги демонстрацияларга 40 миңдей адам катышканын билдирди.
Тель-Авив шаарынын борборундагы Каплан көчөсүнө ар кандай курактагы миңдеген демонстранттар Израилдин желектерин көтөрүп чогулушту. Демонстранттар «диктатурага жок» жана «демократия» деген ураандарды чакырышты. Демонстранттар марш менен тарап кетишти.
Тель-Авивден тышкары түндүктөгү Хайфада 13 миңге жакын адам, Кудстагы президент Исаак Герцогдун резиденциясынын жанында миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Кудстагы нааразылык акциясына оппозициянын негизги лидери, Келечек бар партиясынын төрагасы Яир Лапид да катышты.
Адилет министри Ярив Левин 5-январда Жогорку соттун ыйгарым укуктарын чектеген жана соттордун судьяларды тандоодогу таасирин азайткан мыйзамды пландап жатышканын билдирген.
Нетаньяху жетектеген коалициялык өкмөттүн сот бийлигинин айрым ыйгарым укуктарын парламентке өткөрүп берүү кадамдары өкмөт менен Израилдин сот бийлигинин, өзгөчө Жогорку соттун ортосунда чыңалууга себеп болду.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.