Америкалык генерал өз аскерлерин даярданууга чакырды

NBC телеканалынын кабарына караганда, АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнүн Абадан жайгаштыруу күчтөрүнүн командири генерал Майк Минихан аскер бөлүктөрүнө жазуу түрүндөгү эскертүүсүн жиберген.

1939062
Америкалык генерал өз аскерлерин даярданууга чакырды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аскердик Аба күчтөрүнүн генералы Кытай менен эки жылдын ичинде согушуу мүмкүндүгүн белгилеп, аскерлерин ошого жараша даярданууну талап кылды.

NBC телеканалынын кабарына караганда, АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнүн Абадан жайгаштыруу күчтөрүнүн командири генерал Майк Минихан аскер бөлүктөрүнө жиберген жазуу түрүндөгү эскертүүсүндө: «Мен жаңылып жатам деп үмүттөнөм, бирок менин оюмча, 2025-жылы биз Кытай менен согушабыз»,-деп жазган.

2024-жылы АКШда да, Кытай менен эгемендик талашып жаткан Тайванда да президенттик шайлоо болоорун белгилеген Минихан, Вашингтондун көңүлү ички саясатка бурула турган бул мезгилде Кытайдын мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тайванга карай жылыш жасашы мүмкүн экенин эскертти.

Абадан жайгаштыруу күчтөрүнө жана Аскердик Аба күчтөрүнүн башка ыкчам командирликтерине жөнөтүлгөн эскертүүдө, аскерлердин мындай кагылышууга даярдануусун талап кылган Минихан, бул багыттагы аракеттерин 28-февралга чейин билдирүүнү тапшырды.

Минихан мүмкүн болгон кагылышууда «биринчи арал чынжырынын ичинде (душман менен) күрөшүп, жеңе ала турган бекемделген, интеграцияланган, даяр жана агрессивдүү биргелешкен күчтөрдүн маневр тобун түзүүнү» каалаган.

Командирликтин басма сөз катчысы билдирүүсүндө нотанын бар экендигин ырастап:«Генерал Минихандын командирлерине берген буйругу, абадан жайгаштыруу командирлигин алдын алуу аракети ишке ашпай калса, келечектеги кагылышууларга даярдоо үчүн өткөн жылы башталган аракеттердин уландысы»,- деди.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы, бригадалык генерал Патрик Райдер да жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Улуттук коргонуу стратегиясы Кытайдын коркунучу күчөп баратканын ачык-айкын көрсөтүп турат. Коргоо министрлиги катары биздин көңүлүбүз союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен Индо-Тынч океан аймагында тынчтыкты сактоо болуп саналат»,-деп жазган.

АКШнын Индо-Тынч океан күчтөрүнүн ошол кездеги командири Филип Дэвидсон 2021-жылдын март айында Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетине жасаган билдирүүсүндө Кытай Тайванга 2027-жылга чейин басып кирүүгө аракет кылышы мүмкүн деп билдирген.

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин ушул айдын башында Кытайдын Тайванга басып кириши ыктымалдыгы тууралуу: «Жакында биз кытай күчтөрүнүн чагымчыл жүрүм-турумуна жана алардын жаңы нормалдуу абалды түзүүгө болгон аракеттерине күбө болобуз, бирок бул кол салуу коркунучун билдиреби деген олуттуу күмөнүм бар»,-деп баа берген болчу.



Тектеш кабарлар