Парижде пенсия реформасына каршы митинг

Француз өкмөтү пенсия реформасы менен пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү максат кылууда.

1938704
Парижде пенсия реформасына каршы митинг

Франциянын борбору Парижде пенсия курагын 64кө көтөрүүнү максат кылган пенсия реформасына каршылар кечээ жүрүшкө чыгышты.

Ар түрдүү профсоюздардын чакырыгы менен уюштурулган жүрүшкө катышкан демонстранттар колдорунда факел, профсоюз желектери жана «Пенсиябызды коргойлу» деген баннерди көтөрүштү.

Гамбетта аянтында башталган жүрүш Республика аянтында аяктады. Жүрүшкө «Баш ийбеген Франция» (LFI) партиясынын саясатчылары да катышты.

Француз өкмөтү пенсия реформасы менен пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүүнү максат кылууда.

Мазмуну жарыялангандан бери өлкөдө түрдүү демонстрациялар, иш таштоолор жана жүрүштөр менен нааразычылык көрсөтүлгөн пенсия реформасы келерки айда Улуттук парламентте талкууланат.



Тектеш кабарлар