Палудандын кезектеги провокациясы

Швецияда 21-январда Түркиянын Стокгольм элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн Палудан ушундай эле провокацияны бул ирет Даниянын борбор шаары Копенгагенде кылды.

1938888
Палудандын кезектеги провокациясы

Даниялык ашынган оңчул Катуу багыт партиясынын (Stram Kurs) лидери Расмус Палудан Даниядагы мечиттин алдында полициянын коргоосу астында Куранды өрттөп, кезектеги провокациясын жасады.

Швецияда 21-январда Түркиянын Стокгольм элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн Палудан ушундай эле провокацияны бул ирет Даниянын борбор шаары Копенгагенде кылды.

Палудан Даниянын борбор шаары Копенгагендин Дортеавеж районунда жума намазынан кийин Ислам коомчулугуна таандык мечиттин маңдайына барды. Ашыкча оңчул лидер май куюучу жайдын так алдында полиция курчоого алган жерде башына каска менен Куранды өрттөдү.

Расмус Палудан жума намазынан чыккан мусулмандарды карап, колундагы Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирген жазууларды булгалап көңүлдү бурууга аракет кылды. Мечит жамааты чагымчыга салкын мамиледе болду. Жамааттын кадыр-барктуу адамдары намаздан чыккандарга провокацияга жол бербөө үчүн аймактан алыс болууга кеңеш беришти.

Ал арада колдорунда суу жана өрт өчүргүчтөрү бар мусулман жаштардын тобуна полиция тарабынан эскертүү берилгени байкалды.

Ашыкча оңчул ысым 40 мүнөттөй турган аймактан кайрадан полициянын коргоосунда кетип калды.



Тектеш кабарлар