Израиль Газага кол салды

Израиль күчтөрүнүн Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин качкындар лагерине кечээ эртең мененки кол салуусунда  9 палестиналык шейит болду.

1938740
Израиль Газага кол салды

Израиль учактары Газанын ортоңку бөлүктөрүндө палестиналык куралдуу топторго таандык бир аскердик аймакка карата катары менен кол салды.

Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинен кол салууда каза болгондор жана жаралуулардын бар же жок экендигине байланыштуу маалымат берилген жок.

Кол салуу катуу жарылууларга жана айланадагы үйлөрдө чыгымдын болушуна себеп болду.

Палестина каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ел  -  Кассам бригадалары абадан коргонуу күчтөрүнүн таңга жуук Газа тилкесинин асманында Израиль учактарына кургактыктан абага ракета жана зениттик ракеталар менен жооп бергендигин билдирди.

Израил армиясынын билдирүүсүндө Газадан чек арага жакын еврей отурукташуу жерлерине карай 2 ракетанын атылганы, булардын абадан коргонуу системасы тарабынан тоскоолдукка учуратылгандыгы жарыяланды.

Израиль күчтөрүнүн Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин качкындар лагерине кечээ эртең мененки кол салуусунда  9 палестиналык шейит болду.

 

 



Тектеш кабарлар