АКШ: "Украинага танктарды жеткирүү бир нече айга созулат"

Пентагондун басма сөз катчынын орун басары Сабрина Сингх, өлкөсүнүн Украинага жөнөтө турган M1 Abrams танктарына байланыштуу билдирүү жасады.

1938513
АКШ: "Украинага танктарды жеткирүү бир нече айга созулат"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо департаменти (Пентагон) Украинага M1 Abrams танктарын жеткирүүнүн бир канча айга созуларын кабарлады. 

Пентагондун басма сөз катчынын орун басары Сабрина Сингх, өлкөсүнүн Украинага жөнөтө турган M1 Abrams танктарына байланыштуу билдирүү жасады.

АКШнын ашыкча танкы жок экенин жана Украина үчүн жаңы танктардын сатылып алынарын белгилеген Сингх, М1 Абрамс танктарынын Украинага жөнөтүлүшүнүн айлар керек экенин айтты.

Танктардын Украина Коопсуздук Жардам Фондунан (USAI) бериле турган акчага сатылып алынаарын маалымдаган Сингх, бул танкалар үчүн окутуу жана тейлөө процесстерин аныктоо иштеринин уланып жатканын билдирди.

АКШ бийлиги Германиянын Украинага Leopard 2 танктарын берүү темасындагы тынчсыздануусун чечүү үчүн Украинага M1 Abrams танктарын жөнөтө турганын жарыялаган.


Этикеткалар: #M1 Abrams танктарын

Тектеш кабарлар