Жөтөл сиропунан каза болгондор боюнча ДССУдан шашылыш чара көрүүгө чакыруу

ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 2022-жылы Өзбекстан жана Индонезияда 5 жашка чейинки 300дөн ашуун баланын микробдор бар дарылардан улам бөйрөк жетишсиздигинен каза болгондугу белгиленди.

1937354
Жөтөл сиропунан каза болгондор боюнча ДССУдан шашылыш чара көрүүгө чакыруу

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) өткөн жылы жөтөл сиропунан улам балдардын өлүмү катталгандыктан балдарды микробдордон коргоо үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды.

ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 2022-жылы Өзбекстан жана Индонезияда 5 жашка чейинки 300дөн ашуун баланын микробдор бар дарылардан улам бөйрөк жетишсиздигинен каза болгондугу белгиленди.

Өлкөлөр акыркы 4 айда рецепсиз сатылган;  «диэтиленгликол» жана «этиленгликол» көп өлчөмдө камтыган жөтөл сиропунун микробдор болушу мүмкүн экендиги айтылган билдирүүдө, «Бул учурлар кеминде 7 өлкөдөн катталды жана алардын үчөөндө 300 өлүм микробдор бар сиропко байланыштуу. Өлгөндөрдүн көбү 5 жашка чейинки балдар»,деген түшүндүрмөлөр орун алган.

Микробдор бар сироптордун курамындагы булгоочу заттар өнөр жай эриткичтери жана антифриз катары колдонулуп, аз ыктымалдуулук менен да өлүмгө алып келери баса белгиленип, булар эч кандай жол менен дарыларда болбошу керек болгон уулуу химиялык заттар экени баса белгиленди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ошондой эле Индиянын Maiden Pharmaceuticals жана Marion Biotech компаниялары тарабынан өткөн жылдын октябрь айында жана ушул айдын башында Гамбия менен Өзбекстанда өлүмгө дуушар болгон жөтөл сироптору үчүн атайын эскертүүлөрдү жөнөтүү менен дарыларды текчелерден алып салууга чакырды.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы ДССУ тарабынан төрт индонезиялык PT Yarindo Farmatama, PT Universal Pharmaceutical, PT Konimex жана PT AFI Pharma тарабынан өндүрүлгөн жана сатылган жөтөл сироптору үчүн эскертүү берилген, ал эми тиешелүү компаниялар алардын продукциясынын булганганын четке кагышкан же тергөө жүрүп жатканда комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Аталган дары-дармектерди жүгүртүүдөн алып салуу чакырыгын кайталап жатып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөлөргө сатылган дары-дармектердин тиешелүү органдар тарабынан бекитилишин камсыздоону эскертти.



Тектеш кабарлар