Кытайда температура 53 градус

Кытайда буга чейинки рекорддук төмөнкү температура  1969 - жылы 52,3 градус суук болгон.

1937909
Кытайда температура 53 градус

Кытайда Ай календарына караганда жаңы жыл майрамдалган Жаз майрамы эс алуусунда өлкөнүн чоң бир бөлүгүн таасири астына алган суук аба толкунунан улам     төмөнкү температура рекорддук деңгээлде түштү.                                                                                                               Ай календарында жаңы жылдын биринчи күнү болгон 22 -  январда өлкөнүн түндүк  чыгышындагы Хейлонгцян провинциясынын Мохи шаарында 53 градус суук "бул күнгө чейин болбогон эң төмөнкү көрсөткүч" болду.

Кытайда буга чейинки рекорддук төмөнкү температура  1969 - жылы 52,3 градус суук болгон.

Бүгүн эртең менен борбор Пекинде 22,4 градус суук жана түндүк Лионин провинциясынын борбору Синьян шаарында 23,8 градус нөлдөн төмөн температура эки шаарда тең эң төмөнкү көрсөткүч катары катталды.

Бир тараптан майрам мезгилинде Гуанжоу, Шанхай жана Тяньцинде 20га жакын чоң шаар жана провинция борборунда кыш айларынын эң төмөнкү температурасы аныкталды.

Кыш айлары адатта жылуу болгон Кытайдын чыгыш жана түштүк-чыгыш аймактарында температуранын көрсөткүчтөрү сезондук нормадан 8-12 градуска төмөн.

Суук аба толкунунун бүгүнтөн тарта өлкөдөн чыга турганы билдирилип,  ички жана чыгыш аймактардын дагы бир жума сууктун таасирин сезе турганы болжолдолууда.

Кытайда Ай жаңы жылы майрамдалган жаз майрамынан улам  белгиленген Жаз майрамына байланыштуу 21 - январда башталган расмий эс алуу 27-январга чейин уланат.



Тектеш кабарлар