Иран: «Израил» менен байланышы бар 12 террордук топ кармалды»

Tesnim агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын чалгындоо министри Исмаил Хатиб өлкөгө каршы ыктымал террордук кол салууларга каршы иштер тууралуу маалымат берди.

1937709
Иран: «Израил» менен байланышы бар 12 террордук топ кармалды»

Иранда Израиль менен байланышы бар делген 12 террордук топ колго түшүрүлгөнү кабарланды.

Tesnim агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын чалгындоо министри Исмаил Хатиб өлкөгө каршы ыктымал террордук кол салууларга каршы иштер тууралуу маалымат берди.

Хатиб: «Өлкөдө баш аламандык жаратуу максатында кыймыл-аракеттерди жасоого даярданган Израилге байланышы бар 12 террордук топ кармалды»,-деди.

Чалгындоо министри бул аракет «Махса Эмини демонстрациялары ишке ашпай калгандан кийин Ирандын душмандары тарабынан пландалганын» ырастады.

Баш калаа Тегеранда 13-сентябрда адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалгандан кийин ооруканага жеткирилген 22 жаштагы Махса Эмининин 16-сентябрда өлүмү, бийликке каршы нааразылыктарды жаратты.

Тегеран бийлиги уланып жаткан нааразылык акцияларында 300дөн ашуун адам, анын ичинде коопсуздук күчтөрү да каза болгонун жарыялады.

Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Иран боюнча адам укуктары уюму коопсуздук күчтөрүнүн көчө демонстрацияларына кийлигишүүсүнүн натыйжасында 481 демонстрант каза болгонун билдирди.

Өлкө боюнча бир нече айга созулган демонстрацияларда 10 миңден ашуун адам кармалган.

Буга чейин өлүм жазасына өкүм кылынган төрт демонстрант өлүм жазасына тартылган.



Тектеш кабарлар