Индияда талаштуу актоо

Адвокат Гопал Соланки ММКларга прокурорлор далилдерди таба албагандыктан, алар акталганын айтты.

1937665
Индияда талаштуу актоо

Индиянын Гужарат провинциясында сот 17 мусулманды өлтүргөн деп айыпталган 22 кишини далилдин жетишсиздигинен актады.

Адвокат Гопал Соланки ММКларга прокурорлор далилдерди таба албагандыктан, алар акталганын айтты.

2002-жылы 27-февралда Гужарат провинциясында Годхра станциясынын жанында поездде чыккан өрттөн 60 индус зыяратчы каза болгондон кийин окуялар башталган.

Өрт үчүн мусулмандарды жооптуу деп эсептеген индус бандалары Гужарат провинциясындагы мусулман райондоруна жана айылдарына кол салышып, кеминде 1000 киши, анын ичинде мусулмандар өлтүрүлүп, жүздөгөн аялдар зордукталган.

Индиянын азыркы премьер-министри Нарендра Моди көтөрүлүш болгон учурда Гужарат провинциясынын премьер-министри болуп иштеген. Моди мусулмандарды өлтүрүүнү токтотуу үчүн жетиштүү аракет кылган жок деп айыпталган.



Тектеш кабарлар