Францияда мигранттар лагеринде өрт чыкты

Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөө иштери башталды.

1937620
Францияда мигранттар лагеринде өрт чыкты

Франциянын борбор шаары Парижди да камтыган Ил-де-Франс аймагындагы Фреснес шаарында  мигранттар лагериндеги өрттөн улам 150 мыйзамсыз мигрант эвакуацияланды.

Франциянын BFMTV телеканалынын кабарына караганда, мыйзамсыз мигранттар жашаган лагерде өрт чыккан.

Аймакка барган 100гө жакын өрт өчүрүүчүнүн кийлигишүүсү менен өрт көзөмөлгө алынды.

Ил-де-Франс аймагында Фреснес шаарындагы лагерде жашаган 150  мыйзамсыз мигрант өрттүн айынан эвакуацияланды.

Өрттүн келип чыгуу себептери боюнча иликтөө иштери башталды.

 

 



Тектеш кабарлар