Филиппинде аскердик учак кырсыкка учурады

Жарандык авиация башкармалыгы аба күчтөрүнө караштуу  аскердик учактын Батаан провинциясындагы күрүч талаасына кулаганын билдирди.

1937614
Филиппинде аскердик учак кырсыкка учурады

Филиппиндин Батаан провинциясында кырсыкка учураган аскердик машыгуу учагындагы 2 адам каза болду.

Жарандык авиация башкармалыгы аба күчтөрүнө караштуу  аскердик учактын Батаан провинциясындагы күрүч талаасына кулаганын билдирди.

Аскердик аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы полковник Мария Консуэло Кастильо аскердик учактын борбор шаар  Маниланын түштүгүндө машыгуу  учурунда кырсыкка учурагандыгын  билдирди.

Полиция инспектору Эдгардо Делос Сантос учак жерге түшкөнгө чейин башкаруудан чыгып, ылдам түшкөндүгү  байкалганын айтты. Сантос каза болгон 2 кишинин сөөгүнүн урандылардан чыгарылганын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар