Непалда жер титиреди

Жер титирөөдө 1 кишинин каза болгону, бир канча кишинин жаракат алганы белгиледи.

1937309
Непалда жер титиреди

Непалдын Судурпащим провинциясынын Бажура районунда катталган 5,9 баллдык жер титирөөдө алгачкы аныктамалар боюнча 1 адам каза тапты.

Бажуранын башкы жетекчиси Пускар Хадка райондо кечинде 5,9 баллдык жер титирөө болгонун билдирди.

Хадка алгачкы аныктамалар боюнча жер титирөөдө 1 кишинин каза болгонун, бир канча кишинин да жаракат алганын белгиледи.

Баш калаа Катмандунун 400 километр түндүк-батышындагы районго чукул жардам жана полиция топторунун жиберилгенин белгилеген Хадка, жер титирөөдө кээ бир сарайлар менен фермалардын топурактын астында калганын кабарлады.



Тектеш кабарлар